“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 5, 7-пункттарына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү боюнча документтердин төмөнкүдөй формалары бекитилсин:
- Референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун каттоо жөнүндө күбөлүк (1-тиркеме);
- Референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсүнүн күбөлүгү (2-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын референдум жарыялоону колдоо боюнча кол коюлган баракчалары (3-тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 3-ноябры
№ 332