28.04.2021 №157 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Светло Поляна, Даркан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак, Кызыл-Суу жана Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Светло Поляна, Даркан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак, Кызыл-Суу жана Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Светло Поляна, Даркан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак, Кызыл-Суу жана Оргочор айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өткөн.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына 2, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги
- Ырдык айылдык кеңешинин
- Липенка айылдык кеңешинин
- Жети-Өгүз айылдык кеңешинин
- Ак-Дөбө айылдык кеңешинин
- Светло Поляна айылдык кеңешинин
- Дархан айылдык кеңешинин
- Жаргылчак айылдык кеңешинин
- Барскоон айылдык кеңешинин
- Тамга айылдык кеңешинин
- Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин
- Кызыл-Суу айылдык кеңешинин
- Оргочор айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели
№ 157