19.12.2020 №483 «Референдум фонддорун («макул» топ, «каршы» топ) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу
«Референдум фонддорун («макул» топ, «каршы» топ) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42, 43-беренеленине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Референдум фонддорун («макул» топ, «каршы» топ) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарыА.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А. БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2020-жылдын 19-декабры
№ 483