№472 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “КСДП” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн катталган талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Дооталиев Улан Тимурович катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү ырастама берилсин.
3. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 24-сентябры
№472