2012-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Шайлоолорду өткөрүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 7 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.
Добуш берүүгө 4622 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 44,49 пайызын түзөт.
Шайлоонун натыйжалары боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдоруна ылайык айылдык кеңештин депутаты болуп 21 талапкер шайланды.
Шайлоо күнү № 5114 “Обком” шайлоо участкасында катышкан байкоочулар Ж. Абылкасымов, Р. Жоробекова, Г. Белекова, А. Адигинеева жана Т. Токтомбаев тарабынан 16 жаштагы өспүрүмдүн добуш берүүчү үкүккө эки шайлоо бюллетенин таштап жиберүү аракети жөнүндө Акт түзүлүп, ал кийин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине жөнөтүлгөн.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 8-майындагы № 38 маалыматына ылайык шайлоо мыйзамдарын бузуу аракетинин бул фактысы өз убагында алдын алынып, ал добуш берүүнүн жыйынтыктарында чагылдырылган жок.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
2,24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин
4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болду деп таанылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Өзгөн районунун
Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
3. Айылдык кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер айылдык кеңештердин шайланган депутаттары деп эсептелинсин (тизмеси тиркелет).
Шайланган депутаттарга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 8-июну
№ 82
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-июнундагы
№ 82 токтому менен бекитилген
Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси
- Абдыкаримов Нуралы Абдурасулович
- Айтбаева Жумабу Жакыповна
- Акматов Абдыкалык
- Аскаров Анарбек Калбаевич
- Бактыбек Тынай уулу
- Батаев Дуйшобек Мамасаитович
- Джусупов Талайбек Сайпиевич
- Жороева Гулкан Опоновна
- Кадыркулов Раимжан Кудайбердиевич
- Калбаева Гулзийна Курманбаевна
- Кимсанов Абдыкерим
- Курбанбаев Уланбек Омурзакович
- Маматов Адилет Сагынбаевич
- Мокулов Динмухамед Таалайбекович
- Молдалиев Токтобек Токтосунович
- Мырзакулов Рахымбек Саитович
- Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевич
- Паитов Абдылла Паитович
- Токмаматов Ногойбай
- Токошов Карыбек
- Туташева Арзикан Каримовна