02.09.20 № 196 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-августундагы “Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 25 чечими тууралу

Ош шаарында иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу шарттарын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13, 15-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-августундагы “Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө”               № 25 чечими бекитилсин.

2. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Ош шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн участкаларынын даректери тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ош аймактык шайлоо комиссиясы кошумча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын 2020-жылдын 7-сентябрына чейин түзсүн.

4. Ош шаарынын мэриясы 2020-жылдын 7-сентябрына чейин кошумча участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электроэнергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.

5.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                       Н. Шайлдабекова

Бишкек ш., 2020-жылдын 2-сентябры
№ 196