06.12.2020 №406 Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин арызы жөнүндө

2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына А.Ш. Тукуновдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

2020-жылдын 3-декабрында А.Ш. Тукунов өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арызын берген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу.

 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө А.Ш. Тукуновдон 2020-жылдын 3-декабрындагы берген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө А.Ш. Тукуновдун арызы канааттандырылсын жана документтери кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө» 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 355 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жакшылыков Руслан Шайыкбековичке берилген №69 жана Кудайберген уулу Тилекматка берилген №70 каттоо ырастамалары анык эмес деп табылсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-декабры

406