№20 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы ПЖ №13 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Кара-Жыгач айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 56 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 3692ни түзүп, анын ичинен 1975 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 53,5 % түзөт.
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 28-январындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Жыгач жергиликтүү кеңешке жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 6-февралы,
№ 20