15.06.2021 № 464 2021-жылы 5, 7, 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районунун  Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протокол

2021-жылы 5, 7, 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районунун  Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5, 7, 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  19-майындагы № 225 токтому менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Раупов Иззатилло Адамджанович, Эргашев Рафикжан Колдошевич катталган. Талапкерлер Чек-Абад айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Чек-Абад айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, И.А. Раупов - 6 добуш, Р.К. Эргашев – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Эргашев Рафикжан Колдошевич Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Нурбаев Жалолидин Паязидинович катталган. Талапкер Алля Анаров айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Алля Анаров айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Ж.П. Нурбаев – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

         Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Нурбаев Жалолидин Паязидинович Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Джураева Манзура Мухтаровна, Мусаев Максатбек Абдувайитович катталган. Талапкерлер Тепе-Коргон айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Шайлоо эки турда өттү. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен биринчи турунда, Тепе-Коргон айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, М.М. Джураева - 10 добуш, М.А. Мусаев – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 7 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда,
 
Тепе-Коргон айылдык кеңешиндеги 18 депутаты катышып, М.А. Мусаев –   16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

 Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен  Мусаев Максатбек Абдувайитович Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Керме -Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Эшматов Рахманали Суюмбаевич, Шамуратов Абдилашим Орозович, Ахматов Аскарбек Исматуллаевич катталган. Талапкерлер Керме-Тоо айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Шайлоо эки турда өттү. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Керме - Тоо айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, биринчи турунда, Р.С. Эшматов - 8 добуш, А.О. Шамуратов – 6 добуш, А.И. Ахматов – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, Р.С. Эшматов - 11 добуш,  А.О. Шамуратов – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –           4 добуш берилгендиги белгиленген.

 Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен  Эшматов Рахманали Суюмбаевич Керме - Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович, Баймурзаев Дилмурат Кулмурзаевич катталган. Талапкерлер Төө-Моюн айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Төө-Моюн айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, М.А. Орозбаев – 16 добуш, Д.К. Баймурзаев – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 5, 7, 8-июнундагы Араван аймактык шайлоо комиссиясынын Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана  Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад, Алля Анаров, 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Тепе-Коргон,                2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Керме-Тоо, Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын                         2021-жылдын 5, 7, 8-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад, Алля Анаров,                     Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Эргашев Рафикжан Колдошевич Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Нурбаев Жалолидин Паязидинович Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Мусаев Максатбек Абдувайитович Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Эшматов Рахманали Суюмбаевич Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Чек-Абад, Алля Анаров, Тепе-Коргон, Керме-Тоо жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

 Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                    

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 464