Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө, ички миграцияга байланыштуу жана Бишкек, Ош шаарларынын, Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жаңы конуштарында анык жашаган жери боюнча каттоосу жок жана катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандарга шайлоого катышууга шарт түзүп берүү жана шайлоо дареги боюнча шайлоочуларга добуш берүүнү уюштуруу үчүн кошумча добуш берүүчү жайларды жана шайлоо комиссияларды түзүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 12, 15-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек, Ош, Кара-Суу, Аламүдүн жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо дареги боюнча шайлоочуларга добуш берүүнү уюштуруу максатында кошумча шайлоо комиссияларды 2015-жылдын 1-августуна чейин түзүү сунушталсын.
- Бир эле калктуу пункттун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде катталган арыздануучуга шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө тыюу салынат жана шайлоо комиссиялар тарабынан ушундай арыздар кабыл алынбайт.
- Бишкек, Ош, Кара-Суу, Аламүдүн жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын 2015-жылдын 15-августуна чейин түзсүн.
- Тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумча участкалык шайлоо комиссияларды жайгаштыруу үчүн жайлар жана добуш берүү үчүн жайлар менен 2015-жылдын 15-августуна чейин камсыз кылсын.
- Көрсөтүлгөн аймактык шайлоо комиссиялары кошумча шайлоо комиссиялары боюнча бардык материалдарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2015-жылдын 20-августуна чейин берсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 23-июлу
№ 76
2015-жылдын 23-июлунда жарыяланды