№407 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 29-августундагы № 61 тескемесине ылайык, Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбет Иманович, өзүнүн каалоосу боюнча, жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 22-сентябрына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 4-сентябры, 
№ 407