14.09.2020 ж.№ 215 Чүй облусунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Чүй облусунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Чүй облусунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуулардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагындагы №7132 шайлоо участкасы, Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан А. Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
  2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагындагы № 7142 шайлоо участкасы, Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү, 2 дарегиндеги «Алтын Балалык» балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн;
  3. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагындагы № 7136 шайлоо участкасы, Жакишев көчөсүндөгү, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаева көчөсү, 27 дарегиндеги О. Бөлөбалаев орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
  4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагындагы № 3100 шайлоо участкасы, Ленин көчөсүндөгү, айылдык клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
  5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы № 3112 шайлоо участкасы, Өмүралы көчөсүндөгү айылдык клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
  6. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагындагы № 3106 шайлоо участкасы, Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү айылдык клубдун имаратына өзгөртүлсүн;
  7. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл аймагындагы № 3104 шайлоо участкасы, Торгоев көчөсүндөгү Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Ажына шоссесиндеги Туманов орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
  8. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагындагы № 3128 шайлоо участкасы, Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков орто мектебинин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

9. Ысык-Ата, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

10. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

         ТӨРАГА                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 14-сентябры

№ 215ш., 2020-жылдын 23-марты