01.05.2021 №189 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка жана Төмөнкү – Аларча айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка жана Төмөнкү – Аларча айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Аламүдүн районунун Васильевка жана Төмөнкү - Аларча айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына 16, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги
- Васильевка айылдык кеңешинин
- Төмөнкү - Аларча айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-майы
№ 189