Каракол шаардык кеңешине “Замандаш-Современник” саясий партиясынан депутат Кожомуратов Алмаз Ташкенбаевичди чакырып алуу боюнча аталган партиянын саясий кеңешинин 2013-жылдын 14-декабрындагы чечиминин негизинде Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Каракол шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 2013-жылдын 24-декабрындагы № 2 протоколу менен таризделген чечим кабыл алынган.
“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктун, “Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-, 6-, 7-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 24-декабрындагы №2 протоколу менен таризделген чечими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 40 токтомунун Кожомуратов Алмаз Ташкенбаевич “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча Каракол шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Каракол шаардык кеңешинин депутаты Кожомуратов Алмаз Ташкенбаевичтин каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
4. Каракол шаардык кеңешинин депутаты Кожомуратов Алмаз Ташкенбаевичтин ырастамасы бул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.
5. Беирманов Асаналы Токтосунович “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча Каракол шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп табылсын.
6. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясы “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча Каракол шаардык кеңешинин депутаты деп Беирманов Асаналы Токтосуновичти каттасын.
7. Беирманов Асаналы Токтосуновичке Каракол шаардык кеңешинин депутатынын ырастамасы жана төш белгиси берилсин.
8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 26-декабры
№189