“Республика”, “Акшумкар”, “Ар-Намыс” саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөндөгү саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- “Республика” саясий партиясынан Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары боюнча – 72 адам (тизмеси тиркелет);
- “Акшумкар” саясий партиясынан – 71 адам (тизмеси тиркелет);
- “Ар-Намыс” саясий партиясынан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустары боюнча – 403 адам (тизмеси тиркелет).
2. Саясий партиялардын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүгү берилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш. 2010-жылдын 30-сентябры
№289