“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 6– бөлүгүнүн 2-абзацын, жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 16 – сентябрындагы № 259 – токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын, референдумдун катышуучуларын каттоонун (эсепке алуунун) Мамлекеттик системасы жөнүндө Жобого” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун 2 – пунктундагы “25 – сентябрь” деген датаны “15 – октябрь” деген дата менен алмаштыруу тууралуу өзгөртүү киргизилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына № 6 формасында маалыматтарды өз убагында берип туруш үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г. К. Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш, 2011-жылдын 16- сентябрь
№ 276