06.12.2020 №394 Кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Бишкек шаарынын,  Чүй облусунун Москва, Панфилов, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Жалал –Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Баткен облусунун Сулюкта шаарынын, Баткен райондорунун айматарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Бишкек, Москва, Панфилов, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сулюкта, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын,  Чүй облусунун Москва, Панфилов, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Жалал –Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Баткен облусунун Сулюкта шаарынын, Баткен райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.

2. Бишкек, Москва, Панфилов, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сузак, Ала-Бука, Сулюкта жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  6-декабры

394