Россия Федерациясынын Челябинск областынын Мыйзам чыгаруу Жыйынынын депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкасынын түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Россия Федерациясынын Челябинск шаарынын ВЛКСМдын 50 жылдыгы көчөсүндөгү “Импульс” эс алуу борборунун 16-имараты дарегинде жайгашкан № 015 шайлоо участкасын жаңы орунга дареги: Россия Федерациясынын Челябинск шаарынын Коммуна көчөсү 69, А.С.Пушкин атындагы китепкананын имаратына которуу жөнүндө шайлоо участкасынын төрагасынын кайрылуусуна байланыштуу (кат тиркелет), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Россия Федерациясынын Челябинск шаарынын ВЛКСМдын 50 жылдыгы көчөсүндөгү “Импульс” эс алуу борборунун 16-имараты дарегинде жайгашкан № 015 шайлоо участкасынын орду, Россия Федерациясынын Челябинск шаарынын Коммуна көчөсү 69, А.С.Пушкин атындагы китепкананын имаратына которулсун.
2. Россия Федерациясынын Челябинск шаарынын Коммуна көчөсү 69, А.С.Пушкин атындагы китепкананын имаратына жайгашкан № 015 шайлоо участкасынын жаңы орду жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага А. Сариев
Бишкек ш., 2010-жылдын 27-сентябры
№ 284