10.06.2021 № 390 2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 226 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абжапаров Алишер Сабырбекович, Макеев Кыялбек Абдиллаевич катталган. Талапкерлер Сары-Колот айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Сары-Колот айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А. С. Абжапаров – 7 добуш, К. А. Макеев – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Макеев Кыялбек Абдиллаевич Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абдуллаев Абдусамат, Кенжебай уулу Темирхан, Бурканов Уран Искендерович катталган. Талапкерлер Савай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Савай айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, А. Абдуллаев -18 добуш, Т. Кенжебай уулу – 12 добуш, У.И. Бурканов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 6-июнундагы протоколу менен Абдуллаев Абдусамат Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 6-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 6-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Макеев Кыялбек Абдиллаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Абдуллаев Абдусамат Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сары-Колот жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 10-июну
№ 390