Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-мартындагы №70 токтому менен 2018-жылдын 13-апрелине дайындалган Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу 2018-жылдын 13-апрелиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 16-апрелиндеги натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Айталиев Козубак Кундузбекович табылсын.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24- апрели
№86