Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 419 буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын мэри М.М. Мукумов ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 8-сентябрындагы № 193-р буйругу менен
Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж. Алымбаев Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалгандыгынын негизинде жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 47 буйругу менен Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж.Арпачиев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 жана № 424 токтомдору менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 13-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Кадамжай, Жайыл, Тоң аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2015-жылдын 24-сентябры
№ 149
2015-жылдын 24-сентябрында жарыяланды