№1 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы №214 токтому менен 2018-жылдын 19-декабрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-декабрындагы №223 токтому менен 2019-жылдын 12-январына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Жети-Өгүз жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 19-декабрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Дуйшембиев Адилет Керээзбекович табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 12-январындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Алымкулов Рустам Темиркулович табылсын.
3. Жети-Өгүз жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөтүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 18-январы
№ 1