Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Ж.Айтымбетовдон Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19- беренесинин 4- бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Ж.Айтымбетовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Нуралиев Абдылда Искендерович, 1958 – жылы туулган, Талас облусунун
Манас районундагы А. Үсөнбаев атындагы музейдин директору;
- Кулубаев Арзымат Садырбаевич, 1965 – жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Шамбетов Бактыбек Абдылдабекович, 1964 – жылы туулган, убактылуу
иштебейт;
- Жапаркулов Жылдыз Сузакбаевич, 1975 – жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Өмүркулова Нурпия Оморовна, 1970 – жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын дарылоо – ден соолук чыңдоо бирикмесинин улук мээрбаны;
- Жумабек уулу Талантбек, 1962 – жылы туулган, Кыргыз мамлекеттик
“Кыргоол” аңчылык чарбасынын егери;
- Шатманова Турдукан Жаманкуловна, 1949 – жылы туулган, Талас облусунун Манас районундагы А. Үсөнбаев атындагы музейдин илимий кызматкери;
- Арыкбаева Элмира Калыбаевна, 1964 – жылы туулган, убактылуу иштбейт;
- Токтошев Медербек Сталбекович, 1977 – жылы туулган, убактылуу иштбейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Ж.Айтымбетовдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары 1970 – жылы туулган Какеев Бактыбек Оңолбековичти каттоодон “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык баш тартылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматов ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамга кабыл алынган чечим туурасында билдирсин.
4. Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Ж.Айтымбетовдун ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 1-августу
№ 70