Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 07.09.2010-ж., 09.09.2010-ж., 08.09.2010-ж. №№ 217, 229, 215, 210, 220, 212 токтомдору менен «Бириккен элдик кыймылы», «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы», «Ак-Тилек», «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы», «Жашасын Кыргызстан», «Партия Зеленых Кыргызстана» саясый партияларынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга катталган талапкерлерден: «Бириккен элдик кыймылы» саясый партиясынан Омошов Жоодар Болотбековичтен, «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынан Токтогулова Гулбара Исраиловнадан, «Ак-Тилек» саясый партиясынан Артыкбаева Гульжан Карабековнадан, Каниметова Бермет Темирбековнадан, Танызкожоева Жаннетта Есенкуловнадан, Асанов Тилек Болотбековичтен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого мындан ары катышуудан баш тартуу жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү арыздарын, "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" саясый партиясынын 2010-жьшдын 3-октябрындагы II кезексиз курултайында бул партиядан катталган талапкерлер Сатыбаев Аманбай Гайназаровичти, Жаилова Жыпаркүл Рамзановнаны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу протоколун, «Жашасын Кыргызстан» саясый партиясынын бул партиядан катталган талапкерлер Степаненко Игорь Михайловичти, Абдиев Медер Абдиевичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү 2010-жьшдын 4-октябрындагы № 5/66 чечимин, «Партия Зеленых Кыргызстана» саясый партиясынын бул партиядан катталган талапкер Абдылдаев Съезбек Сансызбаевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кабарлоосун карап чыкты.
"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөндөгүлөр чыгарылсын:
«Бириккен элдик кыймылы» саясий партиясынан:
- Омошов Жоодар Болотбекович;
"Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан:
- Токтогулова Гулбара Исраиловна;
«Ак-Тилек» саясый партиясынан:
- Артыкбаева Гульжан Карабековна;
- Каниметова Бермет Темирбековна;
- Танызкожоева Жаннетта Есенкуловна;
- Асанов Тилек Болотбекович;
"Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" саясий партиясынан:
- Сатыбаев Аманбай Гайназарович;
- Жаилова Жыпаргул Рамзановна; «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынан:
- Степаненко Игорь Михайлович;
- Абдиев Медер Абдиевич;
«Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынан:
- Абдылдаев Съезбек Сансызбаевич;
2. Төмөндөгү катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
- «Бириккен элдик кыймылы» саясый партиясына берилген № 82 - 07.09.2010-ж.;
- "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясый партиясына берилген №84- 09.09.2010-ж.;
- «Ак-Тилек» саясый партиясына берилген №№ 84, 33, 42 - 07.09.2010-ж.;
- «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» саясый партиясына берилген №№10,16 -7.09.2010-ж.;
- «Жашасын Кыргызстан» саясый партиясына берилген №№ 1,6 - 08.09.2010-ж.;
- «Партия Зеленых Кыргызстана» саясый партиясына берилген № 11 - 07.09.2010-ж.;
3. Ушул токтом «Бириккен элдик кыймылы», «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы», «Ак-Тилек», «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы», «Жашасын Кыргызстан», «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партияларына маалымдалсын.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 5-октябры №299