15.02.2021 №37 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө

Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Ноокат, Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун,  Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын  райондорунун , Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 17, 18, 20 жана 2020-жылдын 20-мартындагы № 83 токтомдору менен бекитилген Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Ноокат, Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы райондорунун, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймактарындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Ноокат, Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 11 жаӊы шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын алкагында Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Ноокен, Базар-Коргон, Нарын, Ат-Башы, Балыкчы шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош облусунун, Ноокат, Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунун, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Чүй облусунун Кемин районунун (1), Сокулук районунун (1), Ош облусунун Ноокат районунун (2), Өзгөн районунун (1), Баткен облусунун Кадамжай районунун (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун (2) Базар-Коргон районунун (1), Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын (2) аймагында 11 жаңы шайлоо участкалары түзүлсүн жана алардын схемалары жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Нарын районунун аймагындагы №4027 жана Ат-Башы районунун аймагындагы  №4026 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын.

4.Тиешелүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректери, схемалары, чек араларындагы өзгөрүүлөр  боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5.Пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү 2021-жылдын 11-апрелине жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасында жаңы ачылган шайлоо участкалары үчүн керектүү чыгымдарды карасын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жаӊы түзүлгөн шайлоо участкаларына участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

7. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-февралы

№ 37