28.11.2019 №171 «Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын........

«Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо тууралуу» Конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №6 2019-жылдын 26-июлундагы чечими менен бекитилген «Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс тууралуу» Жобосун, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун кызматташуусу жөнүндө» 2011-жылдын 18-июлундагы Меморандумун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо тууралуу» 2019-жылдын 4-ноябрындагы Конкурстук комиссиянын чечими бекитилсин (тиркелет).

2. Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр менен сыйлансын:

Телекөрсөтүүдөгү материалдар үчүн номинациясы боюнча

- 1-орун үчүн – I даражадагы диплом жана Boya BY-WM8 Pro-K2, УВЧ кош каналдуу зымсыз микрофон тутуму;

Радиодогу материалдар үчүн номинациясы боюнча

- 1-орун үчүн – I даражадагы диплом жана Boya BY-WM8 Pro-K2, УВЧ кош каналдуу зымсыз микрофон тутуму;

- 2-орун үчүн – II даражадагы диплом жана портативдүү HD видео- жана PCM аудио-рекордер Tascam DR-V1HD;

- 3-орун үчүн – III даражадагы диплом жана External HDD ADATA 2TB HD650 USB 3.2 Gen1 тышкы катуу диск.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ                        А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2019-жылдын 28- ноябры 
№ 171