18.06.2021 № 506 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун  Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун  Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         26-майындагы № 322 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абдилаким уулу Кабыл, Эшматов Адылбек Музураимович, Абдрахманов Азамат Абдилазизович катталган. Талапкерлер Төөлөс айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Төөлөс айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, К. Абдилаким уулу - 12 добуш,  А.М. Эшматов – 19 добуш, А.А. Абдрахманов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Эшматов Адылбек Мүзүраимович Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жоробеков Нурбек Абдуназарович, Ташматов Анвар Тилебалдиевич катталган. Талапкерлер Ынтымак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Ынтымак айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Н.А. Жоробеков – 11 добуш, А.Т. Ташматов – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Жоробеков Нурбек Абдуназарович Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 14-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу
протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                     49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Эшматов Адылбек Мүзүраимович Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Жоробеков Нурбек Абдуназарович Ош облусунун Ноокат районунун  Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Төөлөс жана Ынтымак айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                       

Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну

№ 506