№65 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги
2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын
календардык планы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29- мартындагы ПЖ №63 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 13 - майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 30-марты
№65
Бишкек ш, 2018-жылдын 30-марты
№65