Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Чуйские известия” газетасынын 2012-жылдын 10-октябрында жарыяланган Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык аймагынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 30.10.2012-ж. Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын тургундарынан келип түшкөн кириш № 03-1/13-1309 кайрылуунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чуйские известия” газетасынын 2012-жылдын 10-октябрында жарыяланган Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык аймагынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жазууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык аймагынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жазуу төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
11 мандаттуу Күрпүлдөк айылдык аймагы
Киров шайлоо округу
Шайлоочулардын саны – 475, мандаттардын саны – 3
Борбору: Болотбеков ат. орто мектеп
Чек аралары: Киров айылы
Күрпүлдөк шайлоо округу
Шайлоочулардын саны – 1273, мандаттардын саны – 8
Борбору: Күрпүлдөк айылынын орто мектеби
Чек аралары: Күрпүлдөк жана Ровное айылдары
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 31-октябры
№ 133