Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 14-мартындагы № 66 буйругу менен Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Момоконов, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 4-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 16 - марты
№ 53