01.05.2021 №190 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Москва районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Москва аймактык шайлоо комиссиясына 8, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.   Бул токтомдун көчүрмөсү Москва аймактык шайлоо комиссиясына жана Беловодский айыл кеңешине жиберилсин.

4. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды  каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-майы

№ 190