Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 25 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2014-жылдын 13-апрелинде өткөрүлдү.
Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык 1 бирдиктүү шайлоо округу, 5 шайлоо участоктору түзүлдү.
Шайлоонун жүрүшү жана жыйынтыгына байланышкан арыз даттануулар түшкөн эмес.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө келип түшкөн протоколдорго негизденип, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 56-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2014-жылдын 13-апрелинде өттү деп таанылсын.
2. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп таанылсын (тиркеме тиркелет).
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 24-апрели
№64
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 токтомуна тиркеме
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмеси.
Токтогул шаары
|
№ |
Саясий партиянын аталышы |
№ |
Ф.А.А. |
|
1. |
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы 784 добуш, 4 мандат |
Калмурзаев Марат Сагынбекович |
|
|
Сыдыков Абдымомун Нурказакович |
|||
|
Чоюбекова Анархан Сарыпбековна |
|||
|
Исаков Максат Муктарбекович |
|||
|
2. |
«Замандаш-Современник» саясий партиясы 772 добуш, 4 мандат
|
Сыргабаев Ормонбек |
|
|
Дербишев Кубанычбек |
|||
|
Ондошева Майрамкан |
|||
|
Болгонбеков Болот Турдуевич |
|||
|
3. |
«Бирге-Вместе» саясий партиясы 747 добуш, 4 мандат
|
Абышов Сулайманкул |
|
|
Давлеталиев Ибраим Сатарович |
|||
|
Солтоева Мира Анарбековна |
|||
|
Омуржан уулу Мирбек |
|||
|
4. |
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы 624 добуш, 4 мандат
|
Турдалиев Дуулатбек Эсенович |
|
|
Мыктаров Кара Карашбекович |
|||
|
Джоробаева Гулсара Абдуллаевна |
|||
|
Раманкулов Тынчтык Аскарович |
|||
|
5. |
“Бир Бол” Либералдуу-демократиялык партиясы” саясий партиясы 514 добуш, 3 мандат |
Кубатов Уланбек Асылбекович |
|
|
Орозов Айбек Талантбекович |
|||
|
Озубеков Аманбек Буркуткалиевич |
|||
|
6. |
“Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясы 397 добуш, 2 мандат |
Молдоказиев Нурбек Таштанбекович |
|
|
Исраилов Адыл Токтомушевич |