21.12.2020 №485 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов  районунун Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы №389 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов  районунун Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Казымкулов Адилет Бактыбекович Вознесеновка айыл кеңештин депутаттарынан сунушталып катталган.

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен Вознесеновка  айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 6 депутаты катышып, А.Б. Казымкулов - 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы»  позициясына –  0 добуш берилгендиги белгиленген.

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен Казымкулов Адилет Бактыбекович Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Панфилов  районунун Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 

2020-жылдын 17-декабрындагы Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов  районунун Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн башчысын  кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1.  Чүй облусунун Панфилов  районунун Панфилов  айыл өкмөтүнүн башчысын  кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Казымкулов Адилет Бактыбекович Чүй облусунун Панфилов  районунун Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясы Вознесеновка  айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА        

                                   

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-декабры

485