№468 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука; Ысык-Көл облусунун Балыкчы; Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы; Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Г.Т. Молдокулованын, М.М. Муталипованын, Бекжан кызы Ч., Г.Б. Чекированын комиссиялардын курамдарынан, А.А. Парпиевдин, А.С. Рысалиевдин комиссиялардын резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябрындагы № 13 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Юнусова Нурзада Нематжановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Парпиев Алымкул Атакулович комиссиянын резервинен чыгарылсын;
-“Республика – Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сенкебаева Гулайым Кушназаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Республика – Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдокулова Гульбара Токтомамбетовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Темиралиев Эсенбек Темиралиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Муталипова Мирзат Муталиповна, “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бекжан кызы Чолпон комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамбетакунова Гүлай Бекболотовна, Тилекова Айзат Дүйшөнкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Республика – Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Чекирова Гүлүйпа Беккелдиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Канаталиева Кайыркүл Алишеровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рысалиев Азамат Сагынычевич комиссиянын резервинен чыгарылсын.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 24-сентябрь
№ 468