Жумгал райондук сотунун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 25-июлундагы № 35 буйругунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Бийсеев ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 28-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу
№ 113
2015-жылдын 11-августунда жарыяланды