18.03.20 №76 2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 11-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы № 56 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Мамытбеков Айбек Корошбекович катталган, талапкер Жумгал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акими тарабынан сунушталган.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 11-мартындагы протоколу менен Көк-Ой айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, А.К. Мамытбеков 9 добуш алды, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 11-мартындагы протоколу менен Мамытбеков Айбек Корошбекович Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мамытбеков Айбек Корошбекович Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 18-марты
№ 77