№435 2017-жылдын 3-сентябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы ПЖ №125 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жана 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ №131 Жарлыгы менен дайындалган Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Тогуз-Торо айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2232ни түзүп, анын ичинен 1039 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 46,5 % түзөт.
Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2210ду түзүп, анын ичинен 1151 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 52,1 % түзөт.
Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5430ду түзүп, анын ичинен 2588 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 47,6 % түзөт.
Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).
3. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо, Чаткал жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 9-сентябры,
№ 435