Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №120 токтомуна ылайык күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумда добуш берүүсүн уюштуруунун тартибин жөнгө салуу, алардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу кепилдигин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 3 –беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 102 токтомунун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткорүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жургөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумдарына катышуусун уюштуруу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу.
2.“Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого, Кыргыз Республикасынын референдумдарына катышуусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы №102 токтому тиркемедеги редакцияга ылайык баяндалсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2016-жылдын 13- ноябры,
№ 201