11.02.2020 №41 Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону
бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 2-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
- Бузуулар жөнүндө иштерди кароодо аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы №603 токтому менен бекитилген Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону жана ушул токтомду жетекчилике алсын.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу» 2017-жылдын 24-сентябрындагы №473 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 11-февралы
№ 41