25.04.2021 №129 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Манас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Манас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Талас облусунун  Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги

- Кайыңды айылдык кеңешинин

- Покровка айылдык кеңешинин

- Үч-Коргон айылдык кеңешинин

- Май айылдык кеңешинин

- Кыргызстан айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Манас аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Манас аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-апрели

№ 129