04.02.2020. №28 Каракол, Ак-Талаа жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол, Ак-Талаа жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол, Ак-Талаа жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Эсентуров Ырысбек Маратбековичтин, Жуманалиев Тилек Курманбековичтин, Абдуллаева Инабад Алымжановнанын, Жолдошбек уулу Нурболоттун, Масурова Чынара Садыковнанын комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эсентуров Ырысбек Маратбекович, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жуманалиев Тилек Курманбекович, “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаева Инабад Алымжановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Касмалиев Асанбек Чотоевич, Асанбекова Тынар Керезовна, Шадыманова Айзада Муратбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
2. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жолдошбек уулу Нурболот комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Узакбаева Айзат Рысбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Масурова Чынара Садыковна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айдарбеков Чынгыз Айдарбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 3-февралы
№ 28