Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 149 токтому менен 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, айылдык кеңештердин депутаттарынын кворуму жок болгондугуна байланыштуу, өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтөрүнүн башчыларын кайра шайлоо, мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча, 2017-жылдын 18-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Кемин, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиялары кайра шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 4-июлу
№ 199