24.10.2019. №151 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү...

2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы142 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер – Абдыраев Мирлан Алтымышович, Адылов Самат Муратович, Куменов Азат Авасканович жана Усупов Эркинбек Джумабекович  катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 18-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен Ивановка айылдык кеңешинин 21 депутаты толугу менен катышып, биринчи турда М.А. Абдыраев – 1 добуш; С.М. Адылов - 6 добуш; А.А. Куменов – 6 добуш; Э.Д. Усупов – 7 добуш алышкан. Экинчи турда Э.Д. Усупов – 14 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 7 добуш берилген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 18-октябрдагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколу менен Э.Д. Усупов Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 18-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Усупов Эркинбек Джумабекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Ивановка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 24-октябры
151