19.06.2021 № 516 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлекрайонунун Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлекрайонунун Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын26-майындагы № 328токтому менен дайындалган БаткеноблусунунЛейлекрайонунун Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жаңы-Жерайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Жалилов Бекжан Турсунбекович, Айбалаев Кыдырбек Каримович - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Лейлекаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагыпротоколу менен Жаңы-Жерайылдык кеңешиндеги бардык 21 депутатыкатышып,Б. Жалиловго – 12 добуш, К. Айбалаевге– 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добушберилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагыпротоколу мененЖалилов Бекжан ТурсунбековичЖаңы-Жерайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Ташбалтаев Өскөнбай Каримович, Каландаров Адылбай Ибрагимович, Абдираимов Жамалидин Өмүрович - Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу мененКулундуайылдык кеңешиндеги бардык 31 депутаты катышып,Ө. Ташбалтаевге– 19 добуш, А. Каландаровго– 12 добуш, Ж. Абдираимовго– 0 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Ташбалтаев Өскөнбай Каримович Кулундуайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 15-июнундагыЛейлекаймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын15-июнундагыпротоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулундуайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жалилов Бекжан ТурсунбековичБаткеноблусунун Лейлекрайонунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3.Ташбалтаев Өскөнбай КаримовичБаткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Лейлекаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басарыА. Бекматовгожүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                             

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 516