15.06.2021 № 471 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Ак-Шыйрак Ысык-Көл районунун Садыр-Аке жана Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Ак-Шыйрак Ысык-Көл районунун Садыр-Аке жана Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 13, 14-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Ак-Шыйрак жана Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо, белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаганына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
2021-жылдын 13-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2021-жылдын 28-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак Түп районунун Михайловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 29-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Жети-Өгүз, Ысык-Көл жана Түп аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 471