2021-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын            19-майындагы № 212 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэринин                кызмат ордуна 1 талапкер – Чанчаров Бактыбек Асаналиевич көпчүлүк коалициясынан сунушталып катталган.

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн               жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен             Орловка шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,                                  А.Б. Чанчаровго - 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы»                           позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Чанчаров Бактыбек Асаналиевич Орловка шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин                 шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына                         арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 2-июнундагы Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин шайлоодо              добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо                           жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине,               «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районун Орловка шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Чанчаров Бактыбек Асаналиевич Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Орловка шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.      

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн

 

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июну

367