“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, каттоо кызмат органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиялардын, калктын эсебин ишке ашыруучу мекемелердин, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна зарыл көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиялар түзүлсүн.
2. “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиялар жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 8-июну
№ 86
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 8-июнундагы
№ 86 токтому менен бекитилген
“Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиялар жөнүндө”
ЖОБО
1. Ушул Жобо аймактык шайлоо комиссияларына караштуу аймактык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмесин түзүү сапатын жакшыртуу, ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиянын (мындан ары-Коомдук комиссия) ишинин формасынын жана түзүү тартибин аныктайт.
Коомдук комиссия шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо комиссиялардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча катталган жарандар тууралуу маалымат берүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында түзүлөт.
2. Коомдук комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө” Жобону (ШЭБС) ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алынган башка укуктук актыларды жетекчиликке алат.
3. Коомдук комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, окумуштуулардын, адистердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын (ЖӨБ) жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт.
4. Коомдук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес жана 13 адамдан ашпаган санда болууга тийиш.
5. Коомдук комиссия өз ишин акысыз жана ыктыярдуу негизде ишке ашыруучу кеңешүүчү, консультативдүү орган болуп эсептелинет.
6. Коомдук комиссиянын курамы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышында бекитилет. Коомдук комиссиянын ишин координациялоону БШКнын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү ишке ашырат.
7. Коомдук комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) шайлоочулардын тизмесин чогултуу, тактоо жана түзүү жол-жоболорун жана практикасын анализдөө жана системдештирүү;
2) каттоо кызмат органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, паспорт столдордун, Социалдык Фондунун, калктын эсебин ишке ашыруучу мекемелердин, уюмдардын ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын – шайлоо комиссиялар менен өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү,
3) шайлоочуларга алардын кайрылуусу боюнча жардам көрсөтүү;
4) тийиштүү шайлоо комиссияларга башка практикалык жардам көрсөтүү;
5) шайлоочулардын тизмесин тактоосуна жана түзүүсүнө тийиштүү маселелерди кароо жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын шайлоо комиссияларынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча катталган жарандар тууралуу маалымат берүүсүнө көмөк көрсөтүү.
8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жарандардын конституциялык шайлоо укуктарын ишке ашыруу, аларды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чыгаруу тартиби менен байланыштуу келип түшкөн документтер Коомдук комиссиянын жыйналышында каралат.
Коомдук комиссиянын жыйналыштары 15 күндө бир жолу, ал эми зарыл учурларда жана шайлоо, референдум өткөрүү жана уюштуруу мезгилдерде жума сайын өткөрүлөт.
9. Коомдук комиссиянын жыйналышын Коомдук комиссиянын координатору болгон БШКнын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүл чакырат. Коомдук комиссиянын жыйналыштары анын компетенциясына тийиштүү маселелерди ачык талкулоонун негизинде ишке ашырылат, чечимдери Коомдук комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добуштары аркылуу кабыл алынат жана сунуш мүнөзүндө болот.
10. Коомдук комиссиянын жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери катышууга жана өз пикирлерин айтууга укуктуу.
11. Коомдук комиссиянын жыйналыштарына чыгарылуучу маселелерди кароо үчүн каттоо кызмат органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, участкалык шайлоо комиссиялардын, референдумдун комиссияларынын, калктын эсебин жүзөгө ашыруучу мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдардын өкүлдөрү, адистер, көзкарандысыз эксперттер чакырылууга мүмкүн.
12. Коомдук комиссиянын координатору Коомдук комиссиянын жыйналышына материалдарды даярдоого тапшырмаларды берет, иш өндүрүшүн уюштурат, Коомдук комиссиянын катчысын дайындайт, Коомдук комиссиянын жыйналыштарын алып барат, ал жыйналыштарда төрагалык кылат же төрагалык кылуучуну дайындайт, жыйналыштардын катышуучуларына сөз берет, талкуланып жаткан маселе боюнча сунуштарды кабыл алууну уюштурат жана ошондой эле Коомдук комиссиянын кароосуна келип түшкөн кайрылуулардын жоопторуна кол коет, Коомдук комиссиянын атынан чыгып сүйлөйт.
13. Коомдук комиссиянын координатору жок болгон учурларда анын милдеттерин Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
14. Коомдук комиссиянын жыйналышында чыгып сүйлөөнүн узактыгы төрагалык кылуучу тарабынан Коомдук комиссиянын мүчөлөрү, баяндамачылар жана тең баяндамачылар менен макулдашуу боюнча белгиленет.
15. Коомдук комиссиянын жыйналыштарына даярдык Коомдук комиссиянын коррдинаторунун, Коомдук комиссиянын мүчөсүнүн, конкреттүү маселени даярдоого жооптуунун тапшырмаларына ылайык жүргүзүлөт.
16. Коомдук комиссиянын жыйналыштарында ар бир маселени карап чыгуунун натыйжалары боюнча чечимдер жана/же Коомдук комиссиянын конкреттүү сунуштамалары кабыл алынып, аларга Коомдук комиссиянын координатору жана катчысы кол коет.
17. Коомдук комиссиянын жыйналыштарында протокол, зарыл учурларда – аудиожазуу жүргүзүлөт. Коомдук комиссиянын жыйналышынын протоколун Коомдук комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучу тарабынан катчы болуп дайындалган катышкан мүчөлөрүнүн бири жүргүзөт.
18. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт: Коомдук комиссиянын жыйналышынын датасы жана күн тартиби, жыйналышка катышкандар (Коомдук комиссиянын мүчөлөрү, кызыкдар тараптар же алардын өкүлдөрү, жыйналышка чакырылган башка адамдар, күн тартибиндеги маселелерди талкулоодо чыгып сүйлөгөндөр), киргизилген сунуштар, ошондой эле Коомдук комиссиянын жалпыланган сунуштар. Протоколго Коомдук комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучу жана Коомдук комиссиянын катчысы кол коет.