12.03.2021 №58 Баткен шаардык, Лейлек, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Баткен шаардык, Лейлек, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.П. Таиповдун, М.К. Маматкулованын, Ж.К. Наркозуевдун, А.Р. Токтогуловдун, К.Ж. Малаевдин, М.Б. Кутунаевдин, Ш.Ж. Малгараевдин, А. Ибраимовдун, Аскарбай кызы Г. арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Таипов Авазбек Полотович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдикаримов Акылбек Жигиталиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Маматкулова Мафтуна Киёмиддиновна, Наркозуев Жыргалбек Корчубаевич, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтогулов Асылбек Раимкулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Туркбаева Нургул Эгемназаровна, Тажибаев Жакыпбай Алиевич, Туйчиев Рустамжон Абдуллаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Малаев Каныбек Жумашевич, Кутунаев Мурат Борсукович, Малгараева Шабыркуль Жумашевна, «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимов Азамат комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамбеталиев Назарбек Жумабаевич, Сатиев Шарып Мыктыбекович, Азиева Азиза Туйгуновна, Муканова Фарида Муратбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4.Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аскарбай кызы Гулипа көрсөтүлгөн комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ахмадалиев Анарбек Абдималикович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 12-марты

№ 58