№71 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын
2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Жалал-Абад облусунун Аксы, Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 4-апрели
№ 71