02.11.2020 №282 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Садыков Болот Анварбекович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын баардыгы катышып, Б.А. Садыков 21 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Садыков Болот Анварбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Садыков Болот Анварбековичти Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 2-ноябры
№ 282